КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 14:36 | 09 теке

Кыргызстандын түштүгүндө кылкандуу дан эгиндердин түшүмдүүлүгү жогорулады

Дата: 17:03, 02-07-2015.

Бишкек. 2-июль. КирТАГ – Улукбек уулу Ырысбек. Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында кылкандуу дан эгиндерин жыйноо башталды. Бул тууралуу КР айыл-чарба министрлиги билдирди.

«Аба-ырайынын жакшы болуп жаткандыктан дыйкандар дан өсүмдүктөрүн пландалгандан 10-15 күн мурда жыйнай башташты. Биринчилерден болуп дан эгин Баткен облусунун Лейлек, Кадамжай райондорунда, Ош облусунун Араван, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунда, Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Базар-Коргон райондорунда жыйнала баштады», - деди министрликтин басма сөз кызматынан.

Белгиленгендей, үстүбүздөгү жылда дыйкандар өткөн жылга салыштырмалуу 50 миң тонна дан өсүмдүктөрүн жыйнап алууга белсенип жатышат.

«Аймакта кылкандуу дан эгиндин түшүмү жогорулады. Кадамжай районунда буудайдын түшүмдүүлүгү гектардан 34 центнерди түзөт, бул 2014-жылга салыштырмалуу 3 центнерге көп. Ноокен районунда бул көрсөткүч 39,3 ц/га түзөт, өткөн жылга салыштырмалуу 0,6 ц/га жогору», - деди мекемеден.

Поделиться новостью: