КММА Биомедициналык изилдөөлөр борборун тааныштырды
Бишкек, 22 апрель, КирТАГ — 21-апрелде Бишкек шаарында «Жогорку билим берүүдө сапат жана инновациялар» (КИВО) долбоорунун алкагында түзүлүп жаткан изилдөө жана инновация борборлоруна тааныштыруу сапарларынын сериясы башталды. Алгачкы баруу объектилеринин бири болуп И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын № 7 Академиялык клиникасынын оң канатында жайгашкан Биомедициналык изилдөөлөр жана инновациялар борбору болду.
Сапарга КИВО долбоорунун директору жана кызматкерлери, башка изилдөө жана инновация борборлордун өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу коллегиялык орган болгон Изилдөөлөр жана инновациялар боюнча Кеңештин мүчөлөрү катышты.
Борбордун презентациясын анын директору Айбек Ибраимов өткөрдү. Ал борбордун концепциясын молекулярдык генетика, патоморфология жана биоэквиваленттүүлүк багыттарын бириктирген интеграцияланган илимий-диагностикалык платформа катары тааныштырды. Өзгөчө көңүл өлкө ичинде татаал изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн практикалык маанисине бурулду. Бул диагностиканын мөөнөтүн кыскартууга, анын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана эл аралык илимий кызматташтыкты чыңдоого мүмкүндүк берет.
«Мындай борборду түзүү – бул жөн гана инфраструктуралык долбоор эмес. Бул Кыргызстанда өлкөнүн саламаттык сактоо системасы үчүн иштей турган толук кандуу биомедициналык изилдөөлөр экосистемасын калыптандыруу мүмкүнчүлүгү», – деп белгиледи А.Ибраимов.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар борборду өнүктүрүүнүн келечегин кызматтарды коммерциялаштыруу, финансылык туруктуулук, тармактык өнөктөштүктөрдү өнүктүрүү, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү, академиялык программаларды ишке ашыруу, лабораторияларды аккредитациялоо, интеллектуалдык менчикти башкаруу жана инвестицияларды тартуу өңүтүндө талкуулашты.
«Жогорку билим берүүдө сапат жана инновациялар» долбоору Кыргыз Республикасында жогорку билим берүүнү модернизациялоого багытталган ири программа болуп саналат. Ал изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатууга, инновацияларды киргизүүгө жана университеттик программалардын эмгек рыногунун талаптары менен байланышын чыңдоого багытталган. Долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат, ал эми аны ишке ашырууну Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги координациялайт.
КИВО долбоорунун негизги багыттарынын бири өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларында изилдөө жана инновация борборлорун түзүү болуп саналат. Бул борборлор изилдөөлөрдү, кадрларды даярдоону, реалдуу сектор менен өз ара аракеттенүүнү жана экономика менен социалдык чөйрө үчүн колдонмо чечимдерди өнүктүрүүнү бириктирген заманбап университеттик аянтчалар катары түзүлүүдө.
Долбоордун алкагында мындай борборлор И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА), И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ), Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ), Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) жана К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин (КУАУ) базасында түзүлүүдө. Алар биомедицина, колдонмо жасалма интеллект жана киберкоопсуздук, суу ресурстары, онкологиялык изилдөөлөр жана азык-түлүк коопсуздугу багыттарын камтыйт.
Учурда борборлор үчүн жабдууларды сатып алууга даярдык иштери жүрүп жатат. Өз кезегинде университеттер инфраструктураны өз убагында ишке киргизүү жана борборлорду андан ары жабдуу үчүн жайларды даярдоого тийиш.
Источник фото: Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги


