Кыргызстанда 1 миңден ашык бала мектепке барбайт
Бишкек. 2 апрель. КирТАГ – Кыргызстанда 1 миң 229 бала билим алууга жетпей келишет. Бул туурасында «Булан» институту Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигине шилтеме менен билдирет.
«2018-19 окуу жылында Билим берүү министрлиги мектеп жашындагы балдарды санакка алган, анын жүрүшүндө ар кыл себептер менен мектепке 2 миң 234 кичинекей кыргызстандык барбай тургандыгы аныкталган. Колдоо органдарынын жардамы менен 1 миң 116 бала мектепке кайтарылган, бирок 1 миң 229 бала дагы деле мектепке кире элек», - деп билдирет Булан институту.
Алардын ичинен 8 жаштан 18 жашка чейинки 723 бала ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер. Ден-соолугуна байланыштуу 128 бала 1-класска кирген эмес. 285 бала үй-бүлөлүк жана социалдык маселелерден улам мектепке барбайт.
120 баланы ар кандай диний агымдардын кармануучулары болгон ата-энелери мектепке жибербей коюшкан. Өспүрүм курактагы айрым балдар билим берүү мекемелеринин босогосун такыр атташкан эмес.
Мисалы, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда ата –энелери Йакын Инкар диний агымынын кармануучулары болгон төрт үй-бүлөнүн балдарына билим алууга тыюу салынган. Сегиз баланы ата-энеси Куранды үй шартында үйрөтүүнү чечишкен. Аталган факты боюнча Ысык-Көл райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Бул балдардын ата-энелери кылмыш жоопкерчилигине тартылып, ушул тапта эркинен ажыратуу мекемелеринде жаза өтөшүүдө.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда ислам мүнөзүндөгү Йакын Инкар диний агымы 2017-жылдын 15-сентябрында Бишкек шаардык сотунун чечими менен экстремисттик деп кабыл алынган.
Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы билдиргендей, учурда диний ишенимдерге байланыштуу балдарынын билим алуусуна тыюу салган ата-энелер менен күчөтүлгөн иштешүү жүрүп жатат.
«Эгер мындай фактылар аныкталса, биз ата-энелер менен сүйлөшүп, бала билим алышы керектигин түшүндүрөбүз. Анын үстүнө Кыргызстандын аймагында медреселер бар, ал жерлерде биз кесиптик билим беребиз, мисалы кыздар ашпозчу, тигүүчү курстарынан өтүшсө, эркек балдар ширетүүчү, куруучу жана башка кесиптерге ээ болуп чыгышат», - деп билдирди КМДП өкүлү Замир Ракиев.
Мурунку билим берүү министри, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев Билим берүү министрлигинин балдарды мектепке тартуу боюнча аракетин канааттандыраарлык эмес деп баалайт.
«Билим берүү министрлиги мектепке барбаган балдардын санын кыйла азайтып берүүдө. Мен депутат кезимде, экс-президент Роза Отунбаева изилдөөлөрдүн маалыматына таянып, Кыргызстанда 20 миңге жакын бала мектепке барбай тургандыгын билдирген эле. Үч жыл ичинде жалпы орто билим берүү мекемелерине барбаган балдардын санагы ушунча азайып кеткенине ишенбейм. Бишкекте бир эле Ош базарынан мектепке барбаган миң бала табасыз. Мындан сырткары, Билим берүү министрлиги ата-энелери менен Орусияга кетип, ал жакта мектепке барбаган балдардын санагын жүргүзбөйт. Ата-энелери аларды иштегенге мажбур кылышат, айылдарда мал караган, айыл жергесинде жалданып иштеген балдарды айтпай эле коеюн. Министрлик тарабынан балдарды мектепке кайтаруу боюнча эч кандай иш аткарылган жок. Алар азайтылган сандарды угузуп эле элди алдап жатышат. Өз кезегинде менин демилгем менен Жогорку Кеңеште токтом кабыл алынган, ага ылайык айыл өкмөттөрү Билим берүу министрлиги менен биргеликте балдары мектепке барбаган ата-энелер менен тыкыр кызматташышы керек эле. Бирок бул абдан кыйын иш, алар иштешкилер келбейт. ЮНИСЕФтин да балдардын мектепке баруусу боюнча жобосу чыккан, бирок анда Билим берүү министрлиги мектепке барбаган балдардын чыныгы санын азайтып койгон, эл жана президент аларга ишенген түр көрсөтүүдө. Чыныгы фактыларды жашыруу менен эч нерсе өзгөрүлбөйт, кырдаал тескерисинче курчуп кетет. Ликбез уюштуруп, мектепке барбаган балдардын аныктап аларды балдар үйлөрүнө, жатак-интернаттарга жиберип, аларды ылдам окутуучу долбоор жүргүзүү зарыл», - деп эсептейт Каныбек Осмоналиев.
Экс-министрдин пикири менен «Роза Отунбаеванын демилгелери» фондусунун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаева макул эмес. Анын сөзүнө караганда, жарлык боюнча Билим берүү министрлиги тескерисинче мектептерди каржылоо балдардын санына байланыштуу болгондуктан, балдардын мектепке баруусуна кызыктар экенин айтат.
«Мектеп жашындагы балдардын санын аныктаган май санагы, август санагы бар. Кайсы балдар мектепке барбайт? Биринчи кезекте, туугандарынын кароосуна калтырылып, көзөмөлсүз калган мигранттардын балдары, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, мындан сырткары коомдук жоопкерчилиги төмөн ата-энелердин балдары. Тоголок жетимдер Баш мыйзамга ылайык, интернаттар менен камсыздалат, ал эми туугандары менен жашагандарга тийиштүү жөлөк пул берилип, социалдык кызматтардын көзөмөлүндө. Балдарын чет өлкөгө алып кеткен мигранттар бар. Мен Билим Берүү министрлигинин маалыматына ишенем, анткени балдарды мектепке бербей коюуга эч кандай себеп жок, анткени биздин өлкөдө билим алуу бекер. Оор турмушта жашагандар ижара акысынан бошотулат. Иштеген балдар бар, бирок маал-маалы менен рейд жүргүзүлүп алар аныкталып турат. Бул жерде Билим берүү министрлиги эле күнөөлү деп айтпаш керек, ата-энелердин жоопкерчилигин да караш керек. Алар шарт түзүп, балдарынын билим алуусуна кызыктар болушу керек. Расмий санак боюнча Кыргызстанда балдардын 23% бала бакчага барат, бирок даярдоо курстары менен баардык биринчи класстагылар камсыздалган, бул дагы мамлекеттин эсебинен», - дейт Кендирбаева.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2018-жылы мектепке 2 миң 826 бала барган эмес. Алардын ичинен 1 336 бала ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер, 222 бала материалдык кыйынчылыктарга байланыштуу окубайт, 672 бала үй-бүлөлук кырдаалдын кесепетинен билимге жетпейт.