Жанар Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты: «VIP-мергенчилик жана VIP-коррупция; Кыргызстанда мергенчилик кылууга тыюу салууга ким каршы болуп жатат»

Дата: 13:40, 03-03-2016.

Бишкек. 3-март. КирТАГ – КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев парламентке так милдеттери менен келип, аларды депутаттык мөөнөтү аяктаганга чейин чечүүгө белсенет.

«Мен парламентке келээрим менен жакынкы аралыкта пайдалуу жыйынтык чыгара турган беш (5) планымды тактап алдым. Анын бири 2030-жылга чейин аңчылыкка тыюу салуу мыйзамы», -деп, депутат өз пикири менен бөлүштү.

Сөз депутатта болсун: «Эмне учун тыюу салышыбыз керек?Бул мыйзамды депутаттар Эмил Токтошев, Дастан Бекешев болуп которуп чыкканыбыз, себеби, бизге бир нече коомдук уюмдар ушундай сунуш менен кайрылышты. Экинчиден, интернеттеги социалдык тармактарда чет элдик аңчылардын Кыргызстандагы сейрек кездешкен жаныбарларды атып, анысын мактанып түшкөн сүрөттөрү коомчулуктун кыжырын кайнатты. Аталган демилгени мурдагы чакырылыштын депутаттары даярдап, бирок кабыл алууга жетишпей калышкан эле.

Биринчиден, Кыргызстанда кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү жаныбарлардын саны жыл өткөн сайын азайып, калбай баратат. Алардын санын көбөйтүүнүн жалгыз жолун мен атууга тыюу салуудан гана көрүп турам. Экинчиден, чет элдиктерге турларды уюштуруп, аркар-кулжаларды аттыруу карандай коррупцияга айланган. Эсиңердеби, мындан бир аз убакыт мурда Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин бөлүм башчысы Бишкектик тургундан тоо эчкисин атууга уруксат берүү үчүн 15 мин доллар талап кылып жатып кармалган. Кармалган учурда анын жанынан 39 миң АКШ доллары, 10 мин евро табылган жана ал 9 500 долларды дароо өрттөп жиберген. Бул окуянын өзү аталган тармак жаныбарларды атуунун арты менен коррупцияга малынганын айгинелеп турат.

Жакында эле Ысык-Көлдө ак илбирсти аткан жарандан жергиликтүү милиция акча талап кылганы да ачыкка чыкты. Көрсө, ак илбирс баштаган сейрек кездешүүчү жаныбарларды аткандардан акча өндүрүп, кылмышты жашырып койгон учурлар өтө көп экен деп ишенсек болот экен да? Ошондуктан биз сунуштаган мыйзамда кызыл китептеги жаныбарларды аткандар акчалай айыпка эмес, 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы керек. Азыркы мыйзамда керек болсо Ак илбирс аткандар болгону 500 сом акчалай айыпка жыгылат экен. 500 сом чет элден келген олигархтарга арзыбаган каражат экени белгиүү, ал тургай Кыргызстандагы жогорку кызматтагы, куч органдарындагы VIP анчылар учун да 500 сом коп акча эмес да.

Азыркы учурда республикада мергенчилик кылуучу жерлерге ээ болгон 52 аңчылыкты пайдалануучулар иш алып барат, алардын ичинен 1 мамлекеттик, 9 коомдук жана 42 жеке жактар. Мергенчилик кылуучу жерлердин жалпы аянты 14,4 млн.га, анын ичинен 7,2 млн.га мамлекеттик, 3,2 млн.га коомдук жана 4 млн. га жеке жактарга таандык. Бирок мунун баары кантип бөлүнүп, кимдер лицензияны сатып жатканын иликтеген киши болсо, чырмалышкан коррупциянын өзөгүн оңой эле таап чыга алат. Лицензия берүүчүлор да, аны калыс бөлүштүрүү үчүн түзүлгон комиссиянын мүчөсү да, пайдалануучу жердин ээси да, чет элдиктерге аңчылык уюштурган фирманын ээси да бир адам болуп чыга келет. Алардын баары өкмөттө иштегендер. Эми, аңчылыкка тыюу салган мыйзамга алар каршы болбогондо ким каршы болот?

2014-жылдын 13-мартында кабыл алынган «Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө» КР Мыйзамы - аңчылык жана мергенчилик чарбасы аңчылык ресурстарын пайдалануунун эсебинен андан ары аларды сактоого, алардын популяцияларынын жана жашоо чөйрөлөрүнүн абалын жакшыртууга, аңчылык жаныбарларын сактоону жана көбөйтүүнү камсыз кылат деп аныктайт, кыскача айтканда, жапайы жаратылышты коргоодон баштап биотехникалык иш-чараларды өткөрүүгө чейин камсыздайт. Ушул учун анчылыктан тушкон акчанын эбегейсиз бөлүгү бөлүнөт. Бирок ал максаттуу жумшалбайт, аларга азык, туз, чөп жеткирип, ооруларын аныктап аны дарылоо аракетин көрүүнун ордуна, алардын тамагын талашып, кырып, аткылап жатпайбызбы?

Ошону менен бирге, ак илбирстин башкы тоюту жана «валюталык мергенчиликтин» негизги объектиси болгон аркар жана башка туяктуу жапайы жаныбарлар кем эмес катастрофалык абалда. Жай мезгилинде ак илбирстер башка тоют менен азыктанышы мүмкүн: суурлар, коендор (алардын да саны азаюууда), канаттуулар жана жадагалса чычкандар менен. Бирок, бийик тоолуу жерлерде жарым жылдан ашык созулган кыш мезгилинде жапайы туяктуу жаныбарлардын азаюуу шарты ак илбирстердин түздөн-түз кырылуусуна алып келүүдө. Мындай жагдайда ак илбирсти сактап калууга эч кандай долларлар жардам бербейт, эгерде алардын тоюту менен жашоо чөйрөсү толугу менен жок кылынып жатса.

Мисалы, Африкадагы Кения мамлекетинде аңчылыкка катуу тыюу салынып, браконьерлик ырайымсыз түрдө жазаланат, жыйынтыгы – укмуштуу кол тийбеген жаратылыш. Мындай чаралар браконьерликти дээрлик жокко чыгарып, жаныбарларды адамдын алдындагы болгон генетикалык коркунучунан куткарды.
Мен Европа, Батыш мамлекеттерине барып калганда жол боюнда эркин оттоп жургон жаныбарларды коруп суктанган учурларым далай болду. Бизге да туристтер агылып келишин каалайбыз, бирок болгону колунда курал менен эмес, фото-камералары менен келишсе

Ушунун негизинде, жаныбарлар дүйнөсүнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн калыбына келтирүү жана толугу менен кайра көбөйтүү, ошондой эле аларды натыйжалуу коргоо максатында азыркы жана келечектеги муундардын кызыкчылыктарын эске алуу менен ушул Мыйзам долбоорун алып чыктык.  Мыйзамга депутаттар тарабынан колдоо тапса, Кыргыз Республикасында 2030-жылга чейин аңчылыкка, карышкырлардын, түлкүлөрдүн жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу чараларын кошпогондо, тыюу салынат».

Поделиться новостью: