ЖАМК: жоокер токко урунуп каза болду

Дата: 10:19, 05-11-2019.

Бишкек. 5 - ноябрь. КирТАГ –Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынынын №3 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан жоокер электр тогуна урунуп каза болду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

«Окуя 4-ноябрь күнү болгон. Токко урунган аскерге медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай каза болуп калды» - деп айтылат маалыматта.

Бишкек. 4 - ноябрь. КирТАГ –2018-жылы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында кызматын өтөп жүргөн жоокер өз жанын кыйган үч факты катталган.

2018-жылы №30295 аскер бөлүгүндө кызмат кылган Руслан Сапарбаев 8-августта кезмет учурунда токко урунган. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы кырсыкка жоокер өзү күнөөлүү экенин, ал тыюу салынган электр көмөк чордонуна кирип, трансформаторго колун салып алганын билдирген. Учурда соттук териштирүү жүрүп жатат.

Поделиться новостью: