Жалпы наркы 200 миң долларды түзгөн тамеки кармалды

Дата: 12:47, 13-02-2020.

Бишкек. 13 - февраль. КирТАГ – Жалпы наркы 200 миң долларды түзгөн тамеки кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чегара кызматы билдирди.

"Жалпы наркы 200 миң долларды түзгөн тамеки буюмдарын “бажы экспорту” бажы жол-жобосун мыйзамсыз аяктоо үчүн 65 миң доллар өлчөмүндө ортомчулар аркылуу пара берүү аракетин жасоодо К.Д. 1978 ж.т., Н.К. 1972 ж.т. Ж. Н. 1986 ж.т., Т.Н. 1974 ж.т Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын жарандарынан турган улуттар аралык кылмыш тобу кармалды. Аталган жарандарга карата ЖАМКтын № 21 мекемесинде камакка алынышты" - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары белгилей кетчү нерсе, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында атайын тергөө амалдарынын жүрүшүндө 2020-жылдын 5-февралда ортомчулар аркылуу 75 миң доллар өлчөмүндө пара берүү аракетин жасоодо улуттар аралык кылмыш тобунун дагы бир мүчөсү – Беларусь Республикасынын жараны С.Ю. кармалды, аталган жаранга карата сот тарабынан ЖАМКтын № 21 мекемесинде камакка алуу бөгөт коюу чарасы алынды.

Тергөө иш чаралары бекитилген планга негизделип даярдалган, ал эми сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР КЖКнын 320-беренеси менен каралган кылмыштын белгилери боюнча КЖБРге катталган.

Сотко чейинки өндүрүш боюнча улуттар аралык кылмыш тобунун калган мүчөлөрүн аныктоо жана кармоо боюнча тергөө-ыкчам иш чаралары уланууда.

Поделиться новостью: