Улуттук банк 1,5 млн доллар сатыкка чыгарды

Дата: 08:46, 11-09-2018.

Бишкек. 11 - сентябрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Кыргызстандын Улуттук банкы валюта базарына 1,5 млн доллар сатты. Маалымат башкы банктын сайтында жарыяланды.

Улуттук банк интервенцияга ар кандай себеп менен барат. Валюта курсун турукташтыруу максатында да жасалат.

Өлкөдө жекшемби бир АКШ доллары 68,54 сомдон алынса, 68,68 сомго сатылган.

Ал эми 10-сентябрда сатып алуулар 69,65 сом, сатуулар айрым акча алмаштыруу жайларында 69,9 сомго жеткен.

Бир ай мурун доллардын курсу 69,7 сомго чейин кымбаттап олтуруп, кийин кайра түшкөн. Улуттук банк валюта рыногундагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн анда да 19 миллион доллардан ашык акча саткан.

Бүгүн акча алмаштыруу жайлары жана коммерциялык банктар долларды 69,5-69,65 сомдон сатып алып, 69,8-69,9 сомдон сатышууда. Улуттук банкта доллардын номиналдык курсу 69,6412 сомду түзүүдө.



Поделиться новостью: