Тышкы иштер министри Айдарбеков Германиянын элчиси Иверсен менен жолукту

Бишкек. 6 - ноябрь. КирТАГ – 2019-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Моника Иверсен менен жолугушуусу болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун ушул жылдын апрель айында Германия Федеративдүү Республикасына болгон расмий сапарынын жыйынтыктары, экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө басым жасоо аркылуу кыргыз-германия кызматташтыгы боюнча сүйлөшүүлөрдү ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Тараптар Европа Бирлигинин Борбордук Азия боюнча жаңы Стратегиясынын алкагында, анын ичинде климаттын өзгөрүүсү, курчап турган чөйрөнү коргоо, айыл чарба, энергетика жана суу ресурстары чөйрөлөрүндө мындан ары кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Жолугушуунун жүрүшүндө дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнүн эмгек ишмердүүлүгү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууга кол коюлду.