Тышкы иштер министри Айдарбеков Франциянын элчиси Микаэль Ру менен жолукту

Дата: 14:08, 06-11-2019.

Бишкек. 6 - ноябрь. КирТАГ – 2019-жылдын 6-ноябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Франциянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Микаэль Ру менен жолугушуусу болуп өттү.

Экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташуунун келечектүү багыттары талкууланды. Франциядан инвестициялар менен бизнесмендерди Кыргызстанга тартуу маселесине көңүл бурулду.

Жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги эки тараптуу сапарларды уюштуруу жолу менен саясий диалогду бекемдөө зарылчылыгы белгиленди.

Тараптар ошондой эле Министр Ч.Айдарбековдун ушул жылдын ноябрь айында Францияга жумушчу сапарына даярдыкты талкуулашты.

Поделиться новостью: