Туркия Бишкектеги «Кыргыз-түрк достугу" ооруканасын коронавируска байланыштуу пайдаланууга берди

Бишкек. 25 - март. КирТАГ – Туркия Бишкектеги «Кыргыз-түрк достугу" ооруканасын Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине коронвирус менен күрөшүү үчүн пайдаланууга өткөрүп берди. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
«Глобалдык масштабда COVID-19 коронавирус илдети менен күрөшүп жаткан учурда бири-бирибизге колдоо көрсөтүү жана жапа тырмак аракет кылуу эң негизги маселе болуп саналат. Бул алкакта Бишкек шаарында курулган Түркия-Кыргызстан Достук ооруканасын Кыргыз Республикасынын Саламаттык Сактоо Министрлигине, COVID-19 илдети менен күрөшүүгө байланыштуу колдонулуу үчүн берилгендигин маалымдайбыз. Бир тууган жана дос Кыргыз элине сак-саламат, бакубат күндөр каалайбыз», - деп айтылат элчиликтин маалыматында.
Бүгүн Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 44 кишиге жетти.