Товарларды жана күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз саткандарды аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат

Бишкек. 5 - ноябрь. КирТАГ – Мамлекеттик салык кызматы ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды жана күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюу маселеси боюнча жарандардын кайрылууларын жана маалыматтарын кабыл алуу үчүн "шыр байланыш" иштеп жаткандыгын эскертет. Шыр байланыш ушул жылдын май айынан тартып иштөөдө.
Жарандар учурда колдонуудагы (0312)61-31-89 номери боюнча ишеним телефонуна же WhatsApp боюнча (0779)61-31-89 уюлдук номерине кайрыла алышат.
WhatsApp боюнча жарандар КР мамлекеттик чек арасынын кыргыз-казак участогу аркылуу товарларды жана күйүүчү-майлоочу материалдарды өткөрүүдө талаптардын бузулуу фактылары туурасында билдире алышат.
Билдирүүлөр күнү-түнү кабыл алынат. Салык кызматынын жумуш убактысынын бекитилген графигине ылайык кезмет кызматкерлери арыз ээлеринин кайрылууларын саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин (саат 12.30дан 13.30га чейин түшкү тыныгуу) кабыл алат. Жумуш убактысынан тышкаркы мезгилде, ошондой эле дем алыш жана майрам күндөрү "шыр байланыш" телефону боюнча чалууларды жаздыруу «автожооп бергичтин” жардамы менен ишке ашырылат.
Салык төлөөчүлөр салык салуу жана салык кызматынын ишиндеги башка бардык маселелер боюнча жергиликтүү салык органдарына же Салык кызматынын Маалымат борборуна 1240 номери аркылуу кайрыла алышат.