Токмокто поезд кырсыктап, эки вагон рельстен чыгып кетти

Дата: 10:29, 13-08-2019.

Бишкек. 13 - август. КирТАГ — 13-августка караган түнү Токмок шаарында поезд (тепловоз) кырсыкка учурап, эки вагон рельстен чыгып кетти. Бул тууралуу «Азаттык» «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен маалымдады.

Окуя болжол менен саат 22:00дө катталган.

Баштапкы кабарларга караганда, транспорт катуу ылдамдыкта баратып бурулган учурда ооп кеткен. Курмандыктар жана жабыр тарткандар жок.

Вагондор «Кыргыз темир жолу» ишканасы менен иштешкен Токмоктогу айнек чыгаруучу заводдун мүлкү болгону кабарланууда.

Поделиться новостью: