Тармактык комитет Исаковдун талапкерлигин Билим министрлигине жактырды

Бишкек. 10 - сентябрь. КирТАГ – Жогорку Кеңештин мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети Каныбек Исаковдун талапкерлигин Билим жана илим министрлигине жактырды.
Каныбек Исаковду депутаттарга вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тааныштырды.
Талапкер Исаковго Жогорку Кеңештин депутаттары билим берүү тармагындагы кызматтардын сапаты, окуу куралдары тууралуу суроолорду берди.
Талкуунун жыйынтыгында комитет Каныбек Исаковдун талапкерлигин жактырды