Шейшембиде Кыргызстандын күн ачык болот

Бишкек.11- сентябрь. КирТАГ – Шейшемби күнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт – деп маалымдайт Кыргызгидромет.
Абанын температурасы күндүзү Чүй облусунда +22+27°С, Таласта +21+26°С, Баткен облусунда +26+31°С, Жалал-Абад жана Ош облустарында +26+31°С, Нарын облусунда +21+26°С, Иссык-Көл облусунда +19+24°С.
Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы күндүзү +23+25°C.
Ошто да күн ачык. Абанын температурасы күндүзү +28+30°C.