Сегизбаев менен Исраилов Атамбаевдин штабына азыркы атайын кызматтын аракеттери тууралуу маалыматтарды толук жеткирип турган

Бишкек. 13 — август. КирТАГ – Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын мурунку жетекчиси Абдиль Сегизбаев жана ИИМдин экс-жетекчиси Улан Исраилов Атамбаевдин штабына азыркы атайын кызматтын аракеттери тууралуу маалыматтарды толук жеткирип турган. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев маалымат жыйында билдирди.
«Биздин кандай аракеттерибиз болбосун Сегизбаев менен Исраилов тарабынан Алмазбек Атамбаевга жеткирилип турган. Алар бул кызматы үчүн акча алган», - деди Опумбаев.
Анын айтымында, Атамбаевди кармоо операциясына дыкат даярдык көрүлүп, ыкчам жүргүзүлгөн. Күч түзүмдөрү президент менен макулдашып иштеп, жарандарга ок чыгарбоо тапшырмасын так аткарган. Ошондуктан күч кызматкерлери желим окторду колдонгон.
Белгилей кетсек, Абдиль Сегизбаев жана Улан Исраилов бир канча жолу Кой-Ташка Атамбаевдин үйүнө барган. Маалыматты КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева тастыктаган. Анын айтымында Сегизбаев менен Исраилов Атамбаевди колдоо үчүн келген.
«Ал (Сегизбаев – КирТАГ) Жогорку Кеңеш мыйзамсыз чечим кабыл алды. Биз Атамбаевди колдоо үчүн келдик деп айтты»—деп маалымдаган Жолдубаева.
Эске салсак, Абдиль Сегизбаев буга чейин эки жолу Кой-Таштагы окуялар боюнча УКМКга суракка чакырылган.