Кыргыз-казак чек арасында жыгач, суу түтүктөрүн жана генератор үчүн системаны ташып келүүдөгү бузуулар аныкталды

Дата: 11:13, 10-09-2019.

Бишкек. 10 - сентябрь. КирТАГ –Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан контролдук-өткөрмө пунктарына жакын жердеги транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктарынан жыгач материалдарын, суу түтүктөрүн жана генератор үчүн системаны ташып келүүдөгү бузууларды аныкташты.Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Алсак, "Чоң-Капка автожолу" контролдук-өткөрмө пунктунан 47,2 млн сом суммасында 2 даана генератор үчүн системаны (СТС-РЭМ) алып келе жаткан 2 машина кармалды. Импорттоочуларда коштомо кагаз жана товарды ташып келүү үчүн салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок болгон.

Ошол эле өткөрмө пунктунан 120 кубметр жыгач материалдарын ташып кирүү фактысы аныкталып, текшерүү учурунда иш жүзүндөгү көрсөткүчтөр менен эсеп-фактурадагы маалыматтардын дал келбегендиги  белгилүү болду.

"Ак-Тилек автожолу" контролдук-өткөрмө пунктунан салык органынын каттоо жөнүндө мөөнөтү өтүп кеткен маалымкаты менен 80 миң суу түтүктөрүн алып келе жаткан авто унаалар кармалган.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.


Поделиться новостью: