“Республика – Ата Журт” лидерин алмаштырбайт

Дата: 11:09, 10-09-2019.

Бишкек. 10 - сентябрь. КирТАГ –Жогорку Кеңештеги “Республика – Ата Журт” фракциясынын айрым депутаттары лидер алмашары тууралуу маалыматты төгүндөштү.

Эл өкүлдөрү Руслан Казакбаев, Табылды Тиллаев жана Кенжебек Бокоев мындай сөз фракцияда, партиянын саясий кеңешинде жана депутаттар арасында болбогонун “Азаттыкка” билдиришти.

Буга чейин айрым маалымат каражаттар фракция лидери Жыргалбек Турускуловдун ордуна Мирлан Жээнчороев келе турганын жазышкан.

Былтыр апрелде аталган фракциянын лидери күтүүсүз алмашып, Турускулов Руслан Казакбаевдин ордуна келген. Фракция мүчөсү Мирлан Жээнчороев Казакбаевге лидерликтен алына турганы айтылбаганын билдирген. Фракциянын айрым мүчөлөрү лидерди алмаштырууга олуттуу саясий себеп болбогонун, депутаттар арасында ротация жүргүзүү максатында гана ушундай чечим кабыл алынганын айтышкан.

Поделиться новостью: