«Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол коюлду

Дата: 15:01, 16-05-2019.

Бишкек. 16 - мая. КирТАГ -  Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 4-апрелинде кабыл алынган.

Аталган Мыйзам 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2018-жылдын 3-октябрында «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карап чыгып, талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ экс-президентти Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарып турган мезгилде жасаган жосундары үчүн жоопкерчиликке тартуу жол-жобосун караштырбаган даражада карама-каршы келет деген чечим чыгарган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.Кыргызстандын текстиль жана кийим тигүү тармагында коптогон жарандар иштейт, алар жумушсуз калуусу мүмкүн. Бул туурарсында Жогорку Кеңештин жыйынында КР Социалдык фондусунун төрагасы Медер Ирсалиев билдирди.

Поделиться новостью: