Панкратов ЕЭКтин Бажы кызматташтыгы боюнча коллегия мүчөсү болуп дайындалды

Дата: 15:26, 24-04-2020.

Бишкек. 24-апрель. КирТАГ – Олег Панкратов Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен ЕЭКтин Бажы кызматташтыгы боюнча коллегия мүчөсү (министр рангындагы) болуп дайындалды. Бул тууралуу комиссиянын маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин Панкратов Кыргызстан президентинин кеңешчиси болчу. Бул кызматтан ал кечээ, 23-апрелде, бошотулган.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин ЕЭКтеги маалымат булагы буга чейин эле аталган орунга президенттин кеңешчиси Олег Панкратов келерин кабарлаган.

Ал эми аталган орунда министр болуп иштеп жаткан Нурлан Акматовдун өз каалоосу менен кызматтан баш тарткандыгы айтылган.


Поделиться новостью: