Ошто жер силкинди
Дата: 11:02, 14-08-2018.

Бишкек. 14 - август. КирТАГ – Альбина Метерова. Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
«14 - августта саат таңкы саат 07:01 чамасында күчү 3-баллга жеткен жер силкинүү катталды», - деп айтылат маалыматта.
Титирөөнүн күчү Алай районунун Сары-Таш айылында 3 балл, Ак-Босого, Кара-Киндик - 2,5 баллга жеткен.
Алдын ала маалыматтар боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок.