Москвада жөө жүргүнчүлөрдү тебелеткен жигит соо болгон

Дата: 08:56, 10-09-2018.

Бишкек. 10 - сентябрь. КирТАГ –Москва шаарында кафедеги чырдан кийин кыргызстандыктарды автоунаасы менен тебелетип кеткен Кыргызстандык айдоочу мас эмес, соо болгон. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Эске салсак, Новочеркасский бульварында Volkswagen Polo автоунаасынын айдоочусу бир нече адамды тебелетип кеткен.

Маалыматка караганда, автоунааны кыргызстандык айдоочу башкарып жүргөн. Бул ишти ал кафедеги уруш-талаштан кийин жасаган.

"Медициналык кароодон кийин автоунаанын айдоочусу мас эмес, соо болгондугу аныкталды", — деп айтышкан маалымат кызматынан.

Жабырлангандардын саны канча экендиги так айтыла элек, ЖМКлардын маалыматында 10 адам деп айтылууда.

Поделиться новостью: