Москвада адамдарды сүзүп кеткен кыргызстандык жигит камакка алынды

Бишкек. 11 - сентябрь. КирТАГ – Кузьминский райондук соту Марьино районунда унаа менен кишилерди тебелеп кеткен Кыргызстандык Бекжана Сарбишевди камакка алды. Бул тууралуу ТАСС жазды
Маалыматка караганда, Сарбишев 8-ноябрга чейин, эки айга камакка алынган.
Буга чейин маалым болгондой, 9-сентябрда Новочерка бульварындагы кафеде чыр чыккан. Мушташкандардын бирөөсү көчөгө чыгып унаасы менен жол четиндеги кишилерди тебелетип кеткен.
Чырга катышкандардын баарын Кыргызстандын жарандары болгон. Кырсыктан 10 киши жаракат алган.