Милиция жарандарды жалган маалыматтар боюнча чагымчылдыкка алдырбоого чакырат

Бишкек. 11 – июль. КирТАГ – Милиция жарандардан социалдык тармактарга тараган жалган маалыматтар боюнча чагымчылдыкка алдырбоого чакырат. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, Чүй районунун Восточный айылындагы эки кошунанын мушташынан кийин айрым жарандар социалдык тармактарга чагымчыл жана жалган маалыматтарды таратып баштаган.
«Буга байланыштуу Чүй РИИБ жарандардан чагымчылдыкка алдырбоого чакырат. Ошондой эле милиция жарандардан социалдык тармактарга жалган маалымат таратпоону суранат. Укук коргоо органдары Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык чагымчыл материалдарды тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыла турганын эскертет», - деп айтылат маалыматта.