Кыргызстанга Араб эмирлигинен гуманитардык жардам келди
Дата: 16:32, 23-04-2020.

Бишкек. 23 - апрель. КирТАГ - Бириккан Араб Эмираттарынан Кыргызстанга гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, медициналык жана коргонуу каражаттарынан турган гуманитардык жардамды бүгүн 23-мартта «Etihad Airways» авиакомпаниясынын учагы «Манас» аэропортуна жеткирди.