Кыргызстандын эл аралык резерви 2,3 млрд долларга өстү

Бишкек. 5 - ноябрь. КирТАГ - Кыргызстандын эл аралык резерви 2019-жылдын октябрь айындагы жыйынтык боюнча 9,13 млн долларга өстү. Бул тууралуу ИА REGNUM Улуттук банкка шилтеме берүү менен жазды.
Ушул жылы ноябрдагы маалымат боюнча эл аралык резерв 2,3 млрд долларды түзгөн. Жыл башынан бери бул көрсөткүч 139 млн долларга өскөн. Өткөн жылы 2018-жылы болсо бул көрсөткүч 186 млн доллар болгон.
Белгилей кетсек, Улуттук банк 2019-жылдын башынан бери төрт жолу интервенция жасап, 86,9 млн доллар саткан. Ал эми 2018-жылы болсо 11 жолу интервенция жасап 20,5 млн доллар сатып алып, 154 млн долларды сатууга чыгарган.