Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаӊы учуру катталган жок

Бишкек. 26-март. КирТАГ – Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаӊы учуру катталган жок. Бул тууралуу 26-мартта Коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штабдын басма сөз жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
“2020-жылдын 26-мартында саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаӊы учуру катталган жок. 10 адамдын абалы орточо оор, алты адамдын абалы оор болуп реанимацияда жатат”, - деди Акматова.
Бүгүнкү күндө өлкө боюнча COVID-19ду жуктурган 44 учур аныкталган, алардын ичинен Ош облусунда – 20 учур, Жалал-Абад облусунда – 19 учур, Бишкек шаарынан – үч учур, Чүй облусунда – бир учур катталган.