Кыргызстанда күндүн көзү бузулат. Жамгыр жаап, карга айланышы мүмкүн

Дата: 09:56, 24-03-2020.


Маалыматка караганда, 2020-жылдын 24-мартынан 27-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 67-107-чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 71-74-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-93-чакырымында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым участокторунда  тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

2020-жылдын 25-26-мартында Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: 25-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан карга айланып, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 26-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге  жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

25-27-мартта түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2° үшүк, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.

Поделиться новостью: