Кыргызстанда күндүн көзү бузулат; жамгыр жаап, карга айланат

Бишкек. 13 — август. КирТАГ – Кыргызстанда 14-16-августтарда аба-ырайы кескин өзгөрүп, жамгыр, тоолорго кар жаайт. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.
Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облусттарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жамгыр жаап, катуу шамал болот.
16-августка караган түнү тоолуу райондордогу жамгыр карга айланат. Абанын температурасы кескин төмөндөп кетиши мүмкүн.
Мныдай ыңгайсыз аба-ырайы унаалардын кыймылын кыйындатып, дыйкандарга жана чарбакерлерге зыянын тийгизиши мүмкүн.