Кыргызстанда дагы 25 кишиден коронавирус табылды
Дата: 09:56, 24-04-2020.

Бишкек. 23 - апрель. КирТАГ – Кыргызстанда дагы 25 кишиден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бирифнгде билдирди.
Ушуну менен жалпы саны 656га жетти.
Бишкекте алты, Чүйдө төрт, Ош облусунда үч, Ош шаарында үч, Нарында тогуз кишиден вирус табылган. Анын 10у медицина кызматкерлери.