Кыргызстан менен Пакистандын Тышкы иштер министрлери телефондон сүйлөштү

Дата: 10:12, 11-09-2019.

Бишкек. 11-сентябрь. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМ маалымдады.

Маектин жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык жараткан бардык чөйрөлөр боюнча, анын ичинде регионалдык жана эл аралык уюмдардын алкагында кыргыз-пакистан кызматташтыгын илгерилетүүнү талкуулашты.

Поделиться новостью: