Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчылары коронавируска байланыштуу кырдаалды талкуулады

Бишкек. 25 - март. КирТАГ - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат кызматы билдирди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө коронавирус инфекциянын жайылышына каршы күрөшүүдө өз ара кызматташуу жана тараптардын калкты COVID-19дан сактоо боюнча кабыл алган чаралары, ошондой эле мындан ары кызматташуунун негизги багыттары талкууланды.
Муну менен катар Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Казакстан Республикасынын Премьер-министри А.Мамин өзгөчө абал шартында кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу жүк ташууну камсыз кылуу маселеси талкууланып, дагы бир жолу өлкөлөр ортосунда товарды эркин ташуу үчүн шарт түзүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.