Кыргызстан мектептеринин миңден ашуун бүтүрүүчүсү «Алтын тамга» тестирлөөсүнө катышты

Дата: 11:09, 16-05-2019.

Бишкек. 16 - мая. КирТАГ -  «Алтын тамга» тестирлөөсүнө 1 044 окуучу катышты. Бул туурасында КР билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

«Алтын тамга» өзгөчөлүгү менен аттестат үчүн тестирлөөгө  11-класстын окуучуларынан 1 097 арыз келген», - деп билдирет мекеменин пресс-кызматы.

Алардын ичинен кыргыз тилинде 585 окуучу тест тапшырды. Орус тилинде 430, ал эми өзбек тилинде 29 окуучу тест тапшырды.

«Алтын Тамга» тсетирлөөсүнөн өтүү мүмкүнчүлүгү үчүн Улуттук тестирлөө борбору өлкө боюнча 26 пункт ачышкан. Министрликтен билдиришкендей «Алтын тамганын» жыйынтыгына макул окуучулар жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациядан бошотулушат.

Поделиться новостью: