Кыргызстан Казакстанга кыргыз жарандарын аэропортто катуу текшергендигине байланыштуу нота жиберет

Дата: 11:42, 12-09-2018.

Бишкек. 12 - сентябрь. КирТАГ – Альбина Метерова. Кыргызстан Казакстанга кыргыз жарандарын аэропортто катуу текшергендигине байланыштуу нота жиберет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди.

«Казакстан менен дос, бир туугандык мамилебиз бар экенин жакшы билесиз. Бирок биздин жарандарды Казакстандын аэропортторунда катуу текшерүүгө алышат. Орой мамиле жасайт. ТИМ каякка карап отурат?», - деп суроо салды «Бир Бол» фракциясынын депутаты Улукбек Ормонов.

Анын айтымында, балалуу балдар, кары-картаңдар кезекте турганына карабай текшерүү өтө жай жүрөт

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев бул факт боюнча Казакстанга нота жөнөтургандыгын билдирди.


«Биз бул маселени жөнгө салганга аракет кылып жатабыз. Нота даярдалып жатат», - деп жооп берди министр.


«Сураныч, маселени тез арада чечим бериңизчи», - деди депутат.

Поделиться новостью: