Коронавируска байланыштуу Тажикстан Кыргызстан менен чек арасын жапты
Дата: 12:57, 25-03-2020.

Бишкек. 25 - март. КирТАГ – Тажикистан коронавируска байланыштуу Кыргызстан менен чектеш чегараларын баарын жапты. Бул тууралуу Тажик телеграф агенттиги (ТажикТА) билдирди.
Тажикистандын Тышкы иштер министрлиги COVID-19 коронавируска байланыштуу 24-марттан тарта Кыргызстан менен чектеш чегараларын толугу менен жапкандыгын маалымдаган.
Эске салсак, Тажикистан буга чейин Өзбекистан, Ооганыстан жана Кытай менен чегараларын жапкан болчу.