Коронавирус жуктурган алты кишинин абалы оор

Дата: 12:01, 26-03-2020.

Бишкек. 26 - март. КирТАГ - Коронавирус жуктурган алты кишинин абалы оор. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, учурда реанимация бөлүмүндө коронавирус жуктурган 6 киши жатат. Алардын абалы оор. Ошондой эле дагы 10 бейтаптын абалы орто деп бааланууда. Башкалары болсо акырындык менен айыгып жатат.

26-мартка карата Кыргызстанда 44 кишиден (Ош-20, Жалал-Абад-19, Бишкек-3, Баткен-1, Чүй облусу-1)коронавирус катталган.


Поделиться новостью: