Өкмөт башчы Абылгазиев Жалал-Абадка барат

Дата: 17:43, 14-02-2020.

Бишкек. 14 - февраль. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен Жалал-Абад жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2019-жылы аткарган  иштерин жана 2020-жылдагы милдеттерин талкуулаган кеңейтилген коллегиясына катышат.  

Мындан тышкары Өкмөт башчы Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айылындагы орто мектептин ачылыш аземине катышмакчы.

Поделиться новостью: