Казакстан менен стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө – Кыргызстандын артыкчылыктуу багыты

Дата: 13:09, 12-07-2019.

Бишкек. 12 - июль. КирТАГ –  Боордош Казакстан өлкөсү менен стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыты болуп келет. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен болгон тар курамдагы сүйлөшүү учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, коңшу мамлекеттин өкмөт башчысы Кыргызстанга бүгүн расмий сапары менен келген.

Абылгазиев белгилегендей, кыргыз-казак алакасы тийиштүү деңгээлде өнүгүп келет.

"Бул жылы биздин өлкөлөрдүн мамлекет башчылары эки жолугушуу өткөрдү. Анда алар достук, боордоштук принциптерин, өз ара кызматташууну бекемдөөгө даяр экендигин тастыкташты", - деди ал.

"Бүгүн сиз өзүңүздүн расмий сапарыңыз менен Кыргызстанга келип жатасыз. Бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, өкмөттөр аралык кеңештин отурумун өткөрүүдөбүз", - деди ал.

Ошондой эле өкмөт башчы, Казакстандын президентинин алдыдагы сапарын талкуулоого мүмкүндүк жаралганын айтып өттү.

"Биз алдыбызга чоң максаттарды коюп жатабыз – эки тараптын күн тартибиндеги актуалдуу маселелеринин алга жылышын камсыздоо. Ошондой эле учурдагы маселелерди чечкибиз келет. Эң маанилүүсү – бул мүмкүндүктү колдонуп Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин пландалып жаткан сапарын талкуулоо", - деди ал.

Поделиться новостью: