Казакстан Кыргызстанга бензин экспорттойт

Дата: 16:49, 23-10-2018.

Бишкек. 23 - октябрь. КирТАГ – Казакстандын Кыргызстанга 10 миң тоннаны бензин экспорттойт. Бул тууралуу Казакстандын Энергетика министри Канат Бозумбаев билдиргенин КазТАГ жазды.

«Кыргызстанга документ даярдап, жөнөттүк. Эки үч жуманын ичинде бензин экспорттоо боюнча маселе чечилип калат. Азырынча 10 миң тонна экспорттоп туралы деп жатабыз. Баасы болсо АИ-92 150-152 тенгени түзөт. Учурда бизде бензин жетиштүү, дефицит болбойт», - деди К. Бозумбаев

Мурдараак Казакстандын Энергетика министрлиги ноябрда бензин экспорттойтургандыгын, алгачкылардан болуп Кыргызстанга сататурганын маалымдаган болчу.

Буга байланыштуу Казакстан менен Россия нефт жана нефт продукцияларын жеткирүү боюнча келишимге өзгөртүү киргизген.

Казакстан буга чейин Россиядан бензинди бажы пошлинасы менен алып келген. Муну менен катар казак тарапка реэкспорттоого уруксат берилген эмес.

Поделиться новостью: