Катардагы элчи мекендештер менен жолукту

Бишкек. 5 - ноябрь. КирТАГ – 2019-жылдын 2-ноябрында Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Чынгыз Эшимбеков Катар Мамлекетиндеги мекендештердин Кеңешмесинин мүчөлөрү менен жолукту. Бул тууралуу ТИМ маалымдады.
Жолугушуунун жүрүшүндө, мекендештерге актуалдуу болгон маселелер боюнча пикир алмашуу болду.
Андан тышкары, алдыдагы календардык иш-чаралар планы жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылдын августунда болуп өткөн чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча Кеңешменин биринчи отурумунун алкагында берген тапшырмаларын аткаруу жолдору талкууланды.