Күрп-Сай ГЭСине Усубалиевдин ысымы ыйгарылды

Бишкек. 6 - ноябрь. КирТАГ – Күрп-Сай ГЭСине Т.У. Усубалиевдин ысымын ыйгарууга арналган салтанаттуу иш-чара Улуттук энергохолдингдин Башкармалыгынын Төрагасы Айтмамат Назаровдун катышуусунда орун алды. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг маалымдады.
Ал өз сөзүндө, көрүнүктүү саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган иш-чаралар Президент Сооронбай Жээнбековдун Указы менен бүткүл республика боюнча мамлекеттик жогорку деңгээлде өткөрүлүп жаткандыгын баса белгиледи.
«Турдакун Усубалиев республиканы 25 жыл жетектеп өлкөнүн өнүгүүсүнө баа жеткис салым кошкон. Республиканын жетекчиси мезгилинде ал өлкөнүн экономикалык негизин түзүүгө жана бекемдөөгө көбүрөөк көңүл бурган, ондогон ири ишканаларды жүргүзгөн», - деп Айтмамат Назаров айтып өттү жана Т.У. Усубалиевдин тушунда борбордо музейлердин, Өкмөт Үйүнүн, Улуттук китепкананын, Спорт ордосунун, «Манас» аэропортунун, ошондой эле көптөгөн башка маданият обьектилеринин курулуштары бүткөрүлгөнүн кошумчалады.
«Т.У. Усубалиевдин 100 жылдыгынын урматына өткөрүлүп жатка ниш-чараларды колдоо менен өлкөбүздүн энергетиктери анын ысымын Күрп-Сай ГЭСине ыйгаруу демилгесин сунушташты», - Айтмамат Назаров белгиледи. Турдакун Усубалиев өзгөчө көңүл бурган тармак бул – гидроэнергетика болгондугун Айтмамат Назаров баса белгилеп айтты.
«Нарын каскадынын алгачкы гидроэлектр станциясы болуп саналган Үч-Коргон ГЭСи, андан кийин Токтогул, Күрп-Сай, Шамалды-Сай ГЭСтеринин курулуштары ардактуу Турдакун Усубалиевичтин активдүү катышуусу менен бүткөрүлгөн», - деп айтты Улуттук энергохолдингдин башчысы.
Азыр анын ысымын алып жүргөн ГЭС куруу мөөнөтүнөн эрте курулуп бүткөндүгүн белгиледи.
«Долбоорду даярдоо жана пайдаланууга киргизүүнүн ортосундагы убакыт 5 жылды алган. Мындай ири обьектилер үчүн болуп көрбөгөндөй кыска мөөнөт болуп эсептелет. ГЭС бүгүнкү күндө да ийгиликтүү иштөөдө. Дээрлик электр энергиянын 25% көлөмү ушул гидроэлектр станцияда иштелип чыгат», - деди Айтмамат Назаров.
Соңунда ал, Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин ысымынын берилиши анын элине болгон көп жылдык кызматы үчүн, ошондой эле өлкөнүн өнүгүүсүнүн жыргалчылыгына анын эмгеги үчүн энергетиктердин көрсөткөн урмат-сыйы экенин баса белгиледи.