ИИМ: Атамбаевдин тарапташтары Бишкектеги тополоңдо бийликти толук басып алмай болгон

Дата: 13:13, 13-08-2019.

Бишкек. 13 — август. КирТАГ – Бишкекте 8-августка түнү болгон башаламандыкта мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары бийликти толук басып алмай болгон. Бул тууралуу Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев маалымат жыйында билдирди.

«ИИМге 8-август саат 16:00дө Атамбаевдин тарапташтары «Форум»дун имаратында топтолуп бийликти басып алууга, калааны талап-тоноого аракет кылган деген ишенимдүү маалыматтар келип түштү»—деди министр.

Анын айтымында, 8-август түнү Бишкектеги Ала-Тоо аянтына 1,5 миңге жакын киши чогулган. Башаламандыкты уюштуруунун башында учурдагы жана мурунку депутаттар, мурун соттолгондор турган.

«Тополоңдун ырбап кетпеши үчүн жана мародерлуктун алдын алуу максатында  күч кызматкерлери тарабынан атайын каражаттар колдонулду»-деп түшүндүрмө берди министр.

Буга чейин маалым болгондой, 8-августта Атамбаевдин тарапташтары «Форум»дун имаратына саат 16:00дө чогулатурганын айткан. Бирок ошол күнү кечкее жуук Алмазбек Атамбаевди күч кызматкерлери кармап кеткен.
Атамбаевдин тарапташтары таштар менен куралдуу милицияга каршылык көрсөтүп, бир канча унааларды өрттөп салган.

Бишкекте кырдаал 8-август танга маал көзөмөлгө алынган.

Поделиться новостью: