«Гранд Строй Инвест» компаниясынын директоруна издөө жарыяланды

Дата: 13:07, 13-02-2020.

Бишкек. 13 - февраль. КирТАГ – Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (финполиция) «Гранд Строй Инвест» курулуш компаниясынын директору Данияр Хайдаровго издөө жарыялады.

Хайдаров Бишкекте турак жай курууда жана пайдаланууга берүүдө алдамчылык кылганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн версиясына ылайык, ал жаңы үйлөр үчүн жарандардын акчасын алып, бирок убада кылынган батирлерди берген эмес.

2019-жылдын декабрында Хайдаров кылмышка шек саналып жатканы тууралуу сырттан маалымдалган. Сот аны камакка алууга чечим чыгарып, издөө жарыяланган.

Поделиться новостью: