Депутат Нурбаев: Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу орто жана чакан өндүрүш ишканаларына жеңилдик берилиши керек

Дата: 15:33, 24-04-2020.

Бишкек. 24-апрель. КирТАГ – Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу орто жана чакан өндүрүш ишканаларына жеңилдик берилиши керек. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелдеги "Парламентаризм сабактары" талкуусунда депутат Абдывахап Нурбаев билдирди.

Эл өкүлдөрү өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал маалында чакан жана орто бизнеске кандай колдоо керектиги тууралуу пикирлери менен бөлүшүп, сунуштарын айтышты.

Депутат Абдывахап Нурбаев калкты жалпы тесттен өткөрүү менен ишканаларынын ишин улантып жаткан Корея менен Чехиянын тажрыйбасын карап көрүү маанилүү экенин кошумчалады. Ошондой эле эл өкүлү насыя жана салык төгүмдөрүн кечиктирип төлөөгө алты айлык мөөнөт берүү жана "Россия-Кыргыз өнүгүү фондунун" каражаттарын гранттык негизде пайдалануу учур талабы экенине токтолду.

Поделиться новостью: