Брюсселде Кыргызстандын президентинин ЕБге визитин уюштуруу маселелери талкууланды

Дата: 13:28, 13-02-2020.

Бишкек. 13 - февраль. КирТАГ – Министр Ч.Айдарбеков Европа Биримдигинин Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Ж.Боррель менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

2020-жылдын 12-февралында Брюссель шаарында Европа Биримдигинин институттарына жумушчу сапарынын алкагында КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков Европа Биримдигинин Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Жозеп Боррель менен эки тараптуу кыска жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда ЕБ-БА Биринчи экономикалык форумун Бишкек шаарында өткөрүү маселелери талкууланды.

ЕБнын Борбордук Азия боюнча жаңы стратегиясын ишке ашыруунун алкагында Ж.Боррель бул иш чаранын өзгөчө маанилүүлүгүн жана ЕБнын БА өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтыкка көп көңүл буруусу зарылдыгын белгиледи.

Поделиться новостью: