Бишкекте жол кырсыгына кабылган Тез жардам унаасы оодарылып кетти

Дата: 12:02, 12-07-2019.

Бишкек. 12 - июль. КирТАГ –  Бишкектин чок ортосунда Тез жардам унаасы Mercedes үлгүсүндөгү жеңил авто менен кагышып, оодарылып кетти.

Алдын ала маалымат боюнча, Тез жардам унаасындагы медайымдын колу чыгып кетсе, бейтап жеңил жаракат алган. Ал эми эки унаанын айдоочуларынын абалы жакшы.

"Тез жардам кызматынын айдоочусунун айтымында, Mercedes үлгүсүндөгү унаа Шопоков көчөсү менен түндүктөн түштүктү көздөй бара жаткан. Ал эми Тез жардам унаасы Фрунзе менен батыштан чыгышты көздөй баратканда кагышуу болгон", — деди кабарчы.

Ошондой эле Тез жардамдын айдоочусу жол чырактын жашыл түсүнө өткөнүн билдирген. Жерине башка медицина кызматкерлери келип, биринчи жардам көрсөтүштү.

Поделиться новостью: