Бишкекте дезинфекция иштери жүргүзүлдү

Дата: 09:28, 26-03-2020.

Бишкек. 26-март. КирТАГ – Бишкекте дезинфекция иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 25-март күнү ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан Мадина, Аламедин, Орто-Сай жана Ош базарларында дезинфекциялоо иштерин жүргүзүштү.

Иш-чаранын алдында дезинфекциялоочу аймактагы жарандарга  атайын катуу үн чыгаруучу жабдык менен коопсуз жайга турууну, тиешелүү түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.
Мында аракеттер өлкөнүн бардык регионунда жүргүзүлүүдө, ага ӨКМдин өздүк курамы жана өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Поделиться новостью: