Бишкекке коменданттык саат киргизилет

Дата: 15:53, 24-03-2020.

Бишкек. 24 - март. КирТАГ – Бишкекке коменданттык саат киргизилет.

Коронавируска байланыштуу Бишкекке 25-марттан тарта коменданттык саат киргизилет. Коменданттык саат 20:00дөн 07:00гө чейин болот. Бул тууралуу «Кабар» маалымат агенттигинде ИИМдин орун басары Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, жарандардын жана транспорттордун кирип чыгуусуна тыюу салынат.

«Башка райондордон, башка региондордон келген жарандардын бүгүн саат 24.00гө чейин чыгып кетишин суранабыз. Эрежелерди аткарбагандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат», - деди Орозалиев.

Поделиться новостью: