Азиз Суракматов Бишкекке мэр болуп шайланды

Дата: 10:27, 08-08-2018.

Бишкек. 8 - августь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары калаа мэрлигине Азиз Суракматовду шайлады.

Жыйынга шаардык кеңештеги 45 депутаттын 44тү катышып, 43ү Суракматовдун талапкерлигин колдосо, бир депутат каршы добуш берди.

Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо өткөндүгүн билдирди.

Суракматов мэрликке жалгыз талапкер болуп, ага депутаттардын көпчүлүк добушу гана керек болчу.
Депутаттар Суракматовдун программасын укпай эле мэрликке шайламай болгон.

Эске салсак, калаанын мурунку мэри Албек Ибраимов БШКнын ишеним көрсөтпөө чечиминен кийин иштен алынган. Ага карата коррупция беренеси менен иш козголуп камакка алынган.
Ибраимов өзүнө тагылган айыптоолорду саясий буюртма деп атаган.

Поделиться новостью: