Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигине жаңы жетекчи дайындалды

Бишкек. 10 - сентябрь. КирТАГ – Мирслав Аманкулов Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой-чарба мамлекеттик агенттигине жетекчи болуп дайындалды.
Аманкуловду жамаатка биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана өкмөттүн экология бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Жээналиев тааныштырды.
Мирслав Аманкулов Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой-чарба мамлекеттик агенттигине жетекчиликке дайындоо боюнча токтомго өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Буга чейин М. Аманкулов Маданият, маалымат жана туризм министрилигинин алдындагы «Витязь» ишканасында жетекчи болуп иштеген.