Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы тынч тургундар жана күч органдарынын аракеттери териштирилет

Бишкек. 11 - сентябрь. КирТАГ – Кыргызстандын Аскер прокуратурасы экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында тынч тургундар жана күч органдарынын аракеттерин териштирет. Бул тууралуу башкы көзөмөл органы маалымдады.
Башкы прокуратура Кой-Таш айылынын 1700 тургунун кайрылуусуна жооп кайтарды.
Эске салсак, КСДПнын өкүлдөрү Кой-Таштын 1700 тургуну арыз менен башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылганын билдирген. Алар УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаев жана «Альфа» атайын кызматынын жетекчисине кылмыш ишин козгоону, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана президент Сооронбай Жээнбековдун аракеттерине юридикалык баа берүүгө чакырган.